> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баалуу металлды, кара металлды, кагазды, катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/kara-metall-materialdaryn-lk-d-n-tashyp-chyguuga-ubaktyluu-tyjuu-salyndy/
- Published: 2022-08-05T12:18:47.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:57:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин чечими менен кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) ЕАЭБдин аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.**

> Токтом расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөн соң күчүнө кирет. 

Ошондой эле минкабдын башка чечими менен баалуу металлдарды жана **баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды 500 кг ашык эмес көлөмдө** КРнын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилди. 

Дагы бир чечимге ылайык, регенерациялануучу **кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды)** ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Андан тышкары, минкаб **мурда пайдаланылган катализаторлорду**, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын КРнын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу киргизди.