> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонду 300 кепилдик берди - бул ишкерлерге 2.7 млрд сом насыя алууга мүмкүндүк түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/kepildik-fondu-300-kepildik-berdi-bul-ishkerlerge-2-7-mlrd-som-nasyya-aluuga-m-mk-nd-k-t-zd/
- Published: 2022-08-05T12:46:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:36:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Кепилдик фондунун колдоосу менен аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 1.6 млрд сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы маалымдады.**

«Кепилдик фонд» ААК кепилдиктерди берүү аркылуу ишкерлерге кредиттик ресурстарга жетүүдө колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди. 

Үстүбүздөгү жылы 31-июлга карата ишкерлерге **710 млн сомдон ашык суммага 300дөн ашык кепилдиктер** берилип, бул ишкерлерге дээрлик **2.7 млрд сом** өлчөмүндө насыя алууга мүмкүндүк берген. 

> “Өлкөнүн аймактарында **бизнести өнүктүрүүгө 269** кепилдик багытталган, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын **88%ын** түздү. **480 млн сом** суммасында берилген кепилдиктер ишкерлерге 1.6 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарды берди”, – деп айтылат маалыматта. 

Бардык кепилдиктердин жарымынан көбү (57%) айыл чарба тармагында, айыл чарба продукциясын даярдоодо жана кайра иштетүүдө бизнести көрсөткөн ишкерлерге берилген. 

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган кепилдиктердин суммасы 343 млн сомду түзүп, кредиттердин суммасы – 1.25 млрд сомго жеткен.