> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КЭР - КР - Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/ker-kr-zbekstan-temir-zholunun-dolboorun-ishtep-chyguuga-kytajdan-80-adis-keldi/
- Published: 2022-08-05T16:00:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Кечээ, 4-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Джун жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар темир жолдорду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, учурда тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш алып барууда. 

> Министрлик буга чейин темир жолду куруунун ТЭНин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

> “Кыргызстандын жетекчилиги темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашырууга ынтызаар. Ошондуктан, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Учурда Кытайдын долбоорлоо институтунан 80 адис Кыргызстанга келип, ТЭНи даярдоо боюнча иштер башталды”, – деп айтылат маалыматта.

***Кошумча окуңуз:*** [Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/01/kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholun-kuruu-dolbooruna-sentyabrda-samarkandda-kol-kojulat/)

[Кытай эксперттери КРга келишти — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аймакты изилдешет](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/01/kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholun-kuruu-bojuncha-kytaj-ekspertteri-krga-kelishti/)

[Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/03/kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholu-kurulsa-kr-zhylyna-200-mln-dollar-pajda-k-rm-k-birok-emnege-30-zhyldan-beri-kurulbaj-kelet/)

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG_8308-768x512-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG%5F8308-768x512-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG_8314-768x512-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG%5F8314-768x512-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG_8324-768x512-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG%5F8324-768x512-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG_8320-768x512-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG%5F8320-768x512-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG_8340-768x512-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/IMG%5F8340-768x512-1.jpeg)