> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумшекердин баасы 1 сомго арзандайт - 78 сом/кг
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/kumshekerdin-baasy-1-somgo-arzandajt-78-som-kg/
- Published: 2022-08-05T17:50:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы орган кечээ, 4-августта “Кайыңды Кант” ААК жана “Кошой” ААК менен кумшекердин баасын төмөндөтүү тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Анын натыйжасында, керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы **кг үчүн 1 сомго төмөндөйт** жана **78 сом/кг** түзөт.

Эскерте кетсек, кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана кичинекей дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (**79 сом/кг**, **күнүнө бир колуна 1 кг чектөө менен**). Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кум шекер **чектөөсүз 85 сом/кг** сатылат. 

Монополияга каршы орган буга чейин 1-августтан баштап бааны төмөндөтүү жана “Глобус”, “Народный”, “Фрунзе” соода түйүндөрүндө кумшекерди 84 сом/кг чейин сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилгенин билдирди.

> «Белгилей кетсек, республикага негизинен **Индиядан чыгарылган** кумшекер алынып келинген, ал эми «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдору **Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшө**т. Логистикадан улам, бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кумшекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору», — деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, рынокту кумшекер менен каныктыруу жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн:

- кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө түшүрүлгөн
- 105 миң тонна кумшекерди жана чийки кантты ишкерлер  
алымдарды төлөбөстөн алып келишет
- кумшекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн кантты республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган
- базарларда, соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

##### **Кумшекердин баасы башка өлкөлөрдө**

*(1 кг үчүн сом менен эсептегенде)*

[![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/sahar.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/sahar.jpg)