> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ош» эл аралык аэропортунун кондуруучу системасына жабдуулар алынат - тендер жарыяланды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/osh-el-aralyk-aeroportunun-konduruuchu-sistemasyna-zhabduular-alynat-tender-zharyyalandy/
- Published: 2022-08-05T11:19:05.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:55:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК «Ош» эл аралык аэропорту үчүн ILS кондуруу системасын жеткирүүчүлөргө тендер жарыялады. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.** 

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Ош» эл аралык аэропортун жабдуулоо боюнча курулуш, монтаждоо жана ишке киргизүү иштерин жүргүзүү менен ИКАОнун 2-категориясына ылайык, DME/N навигациялык-кондуруучу дистанциялык башкаруусу менен ILS кондуруу системасынын жабдууларын долбоорлоо, жеткирүү үчүн потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырды.

Конкурстук документтер 2022-жылдын 8-августунда саат 14.00 ачылат. 

---

Кондуруучу аспаптык система (ILS) – бул учуу-конуу тилкесинин учунан радиотолкундарды учакты багыттоо үчүн жөнөтүүчү система.