> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 13 млрд куб метрге дээрлик жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/toktogul-gesinde-suunun-k-l-m-13-mlrd-kub-metrge-deerlik-zhetti/
- Published: 2022-08-05T18:08:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 5-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 972 млн куб метрди түздү. Мындай маалымат “Электр станциялары” ишканасынын [көрсөткүчүндө](http://www.energo-es.kg/ky/kompaniya-zhonundo/toktogul-water-volume/) берилди.** 

> Учурда суунун агып келиши секундасына 556 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 449 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, март айында өлкөнүн башкы суу сактагычындагы запасы **7.9 млрд куб метрге** чейин төмөндөп кеткен болчу.

> Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – **19.5 млрд** куб метр, нормалдуу көлөмү – **17.3 млрд** болсо, пайдалуу өлчөмү – **14 млрд куб метрди** түзүшү керек.

Суу сактагычтагы суунун эң жогорку көлөмү (19.5 млрд куб метр) 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6.4 млрд куб метрге чейин азайган.