> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/146385/
- Published: 2022-08-08T12:27:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:21:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт. Мындай чечимди “КУЭТ” компаниясынын акционерлери 27-июлдагы кезексиз жалпы жыйынында кабыл алышканын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.**

Уставдык капитал 598 246 081 жөнөкөй аталыштагы акцияларды кошумча чыгаруу жана жайгаштыруунун эсебинен көбөйтүлөт. Бир акциянын номиналдык баасы 1.65 сомду түзөт.

> КФБнын маалыматы боюнча, “КУЭТтин” уставдык капиталы көбөйгөндөн кийин **2 млрд 587.4 млн сомду** түзөт.

Белгиленгендей, «КУЭТ» ААКтын жөнөкөй акцияларынын кошумча чыгарылышын жеке (жабык) жайгаштыруу «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектро» ААК жана «Жалалабатэлектро» ААК бөлүштүрүүчү компаниялардын **жөнөкөй акцияларынын ээлеринин арасында** жүргүзүлсүн деген чечим кабыл алынган.

Эске салсак, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» бөлүштүрүүчү компаниялардын өткөрүп берүү сертификаттарын бекитти жана энергетика тармагын реформалоонун алкагында алар «КУЭТтин» курамына кирет.

---

«**Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы (КУЭТ) –** Кыргызстандагы электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку вольттуу тармактар ​​аркылуу ташуу боюнча жалгыз оператор болуп саналат. Компания Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү-диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор. КУЭТ 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнергону» кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн.