> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ГИКтин туунду компаниясы болгон «Ак-Босого» жакында ипотекалык кредиттерди бере баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/giktin-tuundu-kompaniyasy-bolgon-ak-bosogo-zhakynda-ipotekalyk-kreditterdi-bere-bashtajt/
- Published: 2022-08-08T14:13:55.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:35:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компаниянын туунду ишканасы «Ак-Босого турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ААК жакында мамлекеттик ипотекалык кредиттерди бере баштайт. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди.**

> Компаниянын билдирүүсүндө мамлекеттик ипотека жеткиликтүү пайыздык чен менен берилери айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргыз фондулук биржасынын берген маалыматына караганда, 22-июлда “Ак-Босого” акционердик коомунун акционерлери жалпы жыйынында өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын бекитип, ошондой эле уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алышкан. Бирок КФБ каражаттын суммасын тактаган жок.