> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кадастр» МИнин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/kadastr-minin-kyzmatkeri-100-mi-som-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy/
- Published: 2022-08-08T15:51:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.**

Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан **бакча-дача тилкесине мамлекеттик актыны берүү үчүн** кыргыз жараны **К.П.К.дан** **100 миң сом** өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

28-июлда УКМКга К.П.К. аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.

> “3-августта «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды”, – деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.