> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын банк системасында накталай эмес доллардын көлөмү өсүүдө - Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/krnyn-bank-sistemasynda-naktalaj-emes-dollardyn-k-l-m-s-d-uluttuk-bank/
- Published: 2022-08-08T15:19:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк системасында накталай эмес доллардын көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, валюта рыногунда **накталай эмес доллардын тартыштыгы** **жок**. Коммерциялык банктар накталай эмес төлөмдөрдүн каалаган көлөмүнө болгон суроо-талапты канааттандырууга даяр.

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары валютага эң көп суроо-талап көмүскө экономикадан келип чыгып жатканын, алар накталай акчаны реалдуу кирешесин жашыруу үчүн колдонуп жатканын белгиледи.

> «Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн, коопсуздугун жана ачыктыгын эске алып, биз жарандарга ушул ыкманы колдонууну сунуштайбыз», – деп кошумчалады ал.

**Кошумча окуңуз:** [Улуттук банк жана комбанктар накталай доллардын жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракетин жумшап жатат — регулятор](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/04/uluttuk-bank-zhana-kombanktar-naktalaj-dollardyn-zhetishsizdigin-zhojuu-ch-n-bolgon-araketin-zhumshap-zhatat-regulyator/)