> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эми 5G технологиясы колдонулуп баштайт - сыноодон өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/kyrgyzstanda-emi-5g-tehnologiyasy-koldonulup-bashtajt-synoodon-tt/
- Published: 2022-08-08T15:30:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Аталган министрлик 5 G технологиясын киргизүү заманбап технологияларды жана жалпысынан коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишендирүүдө. 

> 5G технологиясын киргизүү **керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда ылдамдыгын жогорулатып** жана **берилген трафиктин көлөмүн кеңейтүүгө** жардам бермекчи. 

5G технологиясын киргизүүгө шарттарды камсыздоо үчүн Байланыш кызматы учурдагы радиоэлектрондук жабдуулардан жыштык тилкелерин чыгаруу боюнча иштерди жүргүзгөн жана 5Gди сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктаган.

> “Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары 5G технологиясын пайдаланып, жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат”, – деп билдиришти министрликтен.