> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майлуу-Суу электр лампа заводуна мыйзамсыз берилген 2.7 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/majluu-suu-elektr-lampa-zavoduna-myjzamsyz-berilgen-2-7-mln-somduk-zher-mamleketke-kajtaryldy/
- Published: 2022-08-08T14:46:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:37:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.** 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан “Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жер тилкесин кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган. 

> “Мындан сырткары, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуунун четтетүү үчүн, 275 млн 753 миң сомго бааланган жалпы 30 460 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды”, – дейт прокуратура.