> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортунда төрт ПЧР-лаборатория иштеп жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/manas-aeroportunda-t-rt-pchr-laboratoriya-ishtep-zhatat/
- Published: 2022-08-08T09:13:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 4 экспресс-лаборатория ишин алып барууда. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

Башка өлкөгө учаарда ПЧРга анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын аэропорттон 4 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн, алар:

- Бонецкий лабораториясы
- Medikana Plus
- AMSBIO lab
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясы.

> «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул биздин ЭМЕС, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, – дейт аэропорттун маалымат кызматы.