> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/08/uluttuk-bank-zhyl-bashynan-beri-kombanktardyn-ishine-116-teksher-zh-rg-zd/
- Published: 2022-08-08T12:09:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын башынан бери Улуттук банк коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө 116 текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

Текшерүүнүн жыйынтыгында банктарга 51 көрсөтмө, 31 эскертүү, 13 сунуш жана төрт кат жөнөтүлгөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө банктарга кардарларды банктык тейлөө боюнча ишти күчөтүү, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо боюнча сунуштар берилген.

Мындан тышкары, Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана стабилдүү иш алып баруу жана өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүү максатында дайыма жолугушууларды өткөрүп турганын кошумчалады.