> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/chikagodo-krnyn-bashky-konsuldugu-achyldy/
- Published: 2022-08-09T10:45:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен АКШда жаңы консулдук ачылды. Бул тууралуу КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилиги билдирди.**

Элчилик Чикаго шаарында КРнын Башкы консулдугу ачылгандыгын жарыялады. Ал ушул жылдын 8-августунан тарта толук кандуу иштей баштады. 

> “АКШда жашап жана иштеген КРнын жарандары бардык консулдук кызматтарды алууга Башкы консулдукка кайрыла алышат (жарандык жана ички паспортторду жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, Мекенине кайтуу күбөлүгүн ж.б.)”, – деп билдиришти элчиликтен. 

- Дареги: 100 N LaSalle Str., Chicago, IL, 60602, Suite 1610

**Байланыш телефон номерлери:**

Башкы консулдук: 312 994 2416

Өзгөчө кырдаалдарда чалуучу телефон номери: 312 929 3442