> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы-кредиттик фонд сүт өндүрүү тармагына насыя бере баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/finansy-kredittik-fond-s-t-nd-r-ch-l-r-tarmagyna-nasyya-bere-bashtady/
- Published: 2022-08-09T15:54:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд сүт тармагына насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

КРнын сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Сүт секторун кредиттөө долбоору» иштелип чыккан. Министрлик программа сүт өндүрүү үчүн бодо малдын санын көбөйтөт деп ишендирүүдө.

Белгиленгендей, айылдык товар өндүрүүчүлөргө **500 миң сомго** чейин жана дыйкан чарбаларына **1 млн сомго** чейин кредиттер берилет.

### Насыялар төмөнкү шарттарда берилет:

- жылдык 6% менен
- 36 айга чейин
- күрөө менен
- 9 айга негизги карызды жабуу үчүн жеңилдетилген мөөнөт менен
- квартал сайын төлөө
- кепилдик менен **150 миң сомго** чейин кредиттерди берүүнү карайт.
- Кошумча маалымат алуу үчүн Финансы-кредиттик фонддун 0312 30 48 83, 0997 88 55 54, 0755 55 88 71 телефондоруна кайрылууга болот.
- Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58, Борбордук Казыналык Министрлигинин имараты.