> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Катар мамлекети Бишкектеги оорукананын курулушуна 1 млн доллар берди - курулуш 1 жылда бүтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/katar-mamleketi-bishkektegi-oorukananyn-kurulushuna-1-mln-dollar-berdi-kurulush-1-zhylda-b-t-t/
- Published: 2022-08-09T13:52:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:27:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргенин министрликтин маалымат кызматы [билдирди](https://www.youtube.com/watch?v=anQ9HOUBQPk).**

Анын айтымында, оорукана 75 орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар орнотулган 3 кабаттуу имарат болот. Бейтапкананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөөрү пландалууда. 

> “Курулуш иштери Катар мамлекети тарабынан каржыланат. Жалпысынан **1 млн долларга** жакын каражат бөлүнүп, тиешелүү документтерге кол коюлган. 

> Бүгүнкү күнү курулуш иштери башталды жана аны бир жылдын ичинде толук бутүрүү жоопкерчилиги “Лидер Хаус” компаниясына жүктөлдү”, – деп айтылат маалыматта.