> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортун тышкы башкарууга алууга Германия менен Түштүк Корея кызыкдар экенин билдиришти
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/manas-aeroportun-tyshky-bashkaruuga-aluuga-germaniya-menen-t-sht-k-koreya-kyzykdar-ekenin-bildirishti/
- Published: 2022-08-09T13:00:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:55:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Манас” аэропортун тышкы башкарууга алууга Германия менен Түштүк Корея кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу [“Азаттыкка”](https://www.azattyk.org/a/31979737.html) Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди.**

Сабировдун айтымында, учурда ачык сынак өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Ага Германия, Түштүк Корея сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн компаниялар кызыкдар экенин билдирип, сунуштарын беришкен.

> “Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп, татыктуу компания утсун деген тапшырма койду”, – деген Сабиров.

“Манас” аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда.

---

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда [кабарлагандай](http://localhost/info-portal/novosti/2022/06/30/modernizaciju-aeroportov-manas-i-osh-mogut-otdat-tureckoj-yda-group/), министрлер кабинети Түркиянын YDA Group компаниясы менен «Манас» жана «Ош» аэропортторун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык, эки жылдын ичинде YDA Group 450 млн доллардан 1 млрд долларга чейин инвестиция салып, эки аэропортту толук реконструкциялоону ишке ашырышы керек болчу. 

Бирок кийинчерээк минкаб Кыргызстан «Манас» жана «Ош» аэропортторун инвесторлорго тышкы башкарууга берүүдөн баш тартканын [билдирген.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/08/kyrgyzstan-manas-zhana-osh-aeroporttorun-investorlorgo-ber-d-n-bash-tartty/)