> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК жана «Кыргызиндустрия» июль айында КФБнын соода көлөмүнүн үчтөн экисин камсыз кылды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/mik-zhana-kyrgyzindustriya-ijul-ajynda-kfbnyn-sooda-k-l-m-n-n-cht-n-ekisin-kamsyz-kyldy/
- Published: 2022-08-09T12:37:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:50:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода системасында июль айында жалпы көлөмү 1 млрд 196.5 млн сомду түзгөн 218 бүтүм катталган. Июнь айына салыштырмалуу сооданын көлөмү 2.4%га өскөн.**

Бүтүмдөр негизинен корпоративдик баалуу кагаздар менен катталган. 

> «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын 12-жөнөкөй акцияларын (139.7 млн. сом) жана «Кыргызиндустрия» ААКтын 2- чыгарылышын (600 млн сом) жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасында баштапкы рынок **сооданын бир айдагы 62.4%ын** ээлеген.

Мындан тышкары, эки бүтүм мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу секциясында жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, 15-июлда жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларынын соодасы бекитилген жана алардын көлөмү 1.5 млн сомду түзгөн. Мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы 84.76 сом деңгээлинде белгиленген.

> Биржада мамлекеттик кагаздардын бул түрү менен мурдагы бүтүмдөр март айында жүргүзүлүп, андан кийин мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы 93.01 сом деңгээлинде белгиленген болчу.