> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Таатан» соода борборундагы өрттөн 400 чарчы метр күйүп кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/08/09/taatan-sooda-borborundagy-rtt-n-400-charchy-metr-k-j-p-ketti/
- Published: 2022-08-09T10:25:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:55:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.**

> “Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган”, – деди ӨКМ.

8-августтан 9-августка караган сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Алар: Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/taatan2.jpeg)