> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Асман» шаары курулуучу аймак аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/10/asman-shaary-kuruluuchu-ajmak-anyktaldy/
- Published: 2022-08-10T17:22:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:41:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети “Асман” шаарынын курулуучу ордун аныктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 4-августтагы токтомунда айтылат.**

Буга чейин маалым болгондой, инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында экологиялык таза “Асман” шаарын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынган.

> «Асман» шаары Ысык-Көл районунун **Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында** курулары аныкталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.