> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жарыяланган бардык тендерлер тууралуу маалыматты камтыган Tender Smart платформасы ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/10/kyrgyzstanda-zharyyalangan-bardyk-tenderler-tuuraluu-maalymatty-kamtygan-tender-smart-platformasy-ishke-kirdi/
- Published: 2022-08-10T14:37:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жарыяланган бардык жеке жана мамлекеттик тендерлерлерди көрүүгө мүмкүн болгон [Tender Smart ](https://tender-smart.com/)платформасы ишке кирди. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди.**

Платформа маалыматтардын тынымсыз жаңыланып тургандыгынан улам, учурдагы тендерлер жөнүндө бардык керектүү маалыматты ыкчам чогултат. Сайттан ачкыч сөздөр же параметрлер аркылуу издеген маалыматты табууга болот.

Платформа ошондой эле рынокту, атаандаштарды анализдөөгө, эң пайдалуу бүтүмдөрдү табууга, тендерге катышуу этаптарын көзөмөлдөөгө жана келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берүүчү функциялар менен жабдылган.