> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруу жайына айып пул салды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/10/uluttuk-bank-dagy-bir-akcha-almashtyruu-zhajyna-ajyp-pul-saldy/
- Published: 2022-08-10T09:50:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн дагы бир акча алмаштыруу жайына 55 миң сом айып салынды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

Улуттук банк айып салынган акча алмаштыруу жайынын аталышын жана дарегин маалымдаган жок.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери көзөмөл органы тарабынан 89 акча алмаштыруучу жайга текшерүү жүргүзүлгөн. 17 алмашуу бюросуна жана 14 жеке адамга жалпысынан **[1 млн 180 миң сом](http://localhost/info-portal/novosti/2022/08/05/menyal-i-obmennye-bjuro-oshtrafovali-na-pochti-1-2-mln-somov-s-nachala-goda/)** айып салынган.