> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк жарандарды интернеттеги алдамчылардан сак болууга чакырат
- URL: https://im.kg/all/2022/08/10/uluttuk-bank-zharandardy-internettegi-aldamchylardan-sak-boluuga-chakyrat/
- Published: 2022-08-10T14:45:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу 10 миң сом өлчөмүндө гранттык каражат таратылып жатканы тууралуу жалган маалымат тараткан алдамчылар пайда болгонун билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.** 

Регулятор алар онлайн резюме жеке маалыматтар менен толтурулушу керектигин өтүнүшөрүн жана бул алдамчылык аракеттердин бир түрү болуп саналарын айтат. 

> “Алардын максаты – өздүк маалыматка ээ болуу. Эч убакта жеке маалыматыңызды, **картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн**, ошондой эле **CVV/CVC коддорун** (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз.

> Текшерилбеген **белгисиз шилтемелерге кирбеңиз**, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана **картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз**. Бардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.