> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/ajyl-charba-ministrinin-myjzamsyz-yjgaryp-algan-degen-toyota-land-cruiser-prado-unaasy-talkuuda/
- Published: 2022-08-11T17:35:24.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:42:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору ишкер Ильгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “2018-жылкы Тайота Прадо үлгүсүндөгү унааны өзүнө мыйзамсыз ыйгарып” алганын өзүнүн Фейсбук баракчасында [билдирди](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid035CCptwUYM6ctP7DdDTjiqZk9exJ7YXej4fDYAmVMj8sKna4UeMvFmwemkntBzw2al&id=100015569766255).** 

Ага чейин ишкер министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине [ачык кайрылуу жолдогон](http://localhost/info-portal/novosti/2022/08/09/vladelec-rybnogo-hozyajstva-tyan-shan-forel-napisal-tashievu-ob-ugrozah-so-storony-glavy-minselhoza/). Ага Шаменовдун **Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык** иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон.

#### Тирешүү уланууда

Жогоруда айтылган окуялардан соң, ишкер Фейсбуктагы баракчасында министр Жаныбеков унааны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алганын айтат.

> “Аскарбек Сапарбекович мыйзамсыз, 2018-жылкы Тайота Прадо үлгүсүндөгү унааны өзүнө ыйгарып алган, мыйзамсыз токтом чыгарып. Ал унааны Кыргызстандагы FAO организациясы, **Балык чарба департаменттинин башчысына кызматтык унаа** кылып берген. Бирок эмнегедир Балык чарба департаментти эмес, унааны министр тартып алган”, – деп жазган ишкер бул ишти тиешелүү органдардан текшерип берүүнү өтүнгөн.

#### Балык чарба департаменти эмне дейт?

Департамент 2020-жылы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык, Тойота Прадо унаасы 2022-жылы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан (ФАО) баланска кабыл алынганын жана аны кийин министрликке өткөрүп беришкенин [билдирди](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid0GBSvVx9pFHbujH45QVeznnGBQRB8g852RC1vmF7occBiu89A16n4wmpQ5CV3AyfUl&id=100074528700681).

> “Тойота Ланд Крузер Прадо – 2017-жылы чыгарылган унаа КРнын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат билдирүүдө.