> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июль айында бюджеттин чыгашасы ведомстволук классификация боюнча 20.3 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/ijul-ajynda-bjudzhettin-chygashasy-vedomstvoluk-klassifikaciya-bojuncha-20-3-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-08-11T16:36:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын июль айында бюджеттин чыгашалары ведомстволук классификация боюнча 20.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.** 

**Анын ичинен:** 

- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кассалык чыгашалар – **3 481.0 млн сом**
- калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө – **1 362.4** млн сом
- социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер – **9.1 млн сом.**

Калган каражаттар республикалык бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгашаларын каржылоого жумшалган.

Ведомстволук классификация бюджеттик каражаттардын негизги бөлүштүрүүчүлөрү болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясы болуп эсептелет.