> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК жүк ташуучу унааларга навигациялык пломбаларды коюуну 2023-жылга чейин узартты
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/msk-zh-k-tashuuchu-unaalarga-navigaciyalyk-plombalardy-kojuunu-2023-zhylga-chejin-uzartty/
- Published: 2022-08-11T14:04:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду узартты. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Эске салсак, МСК өткөн жылы башталган КРнын аймагы аркылуу авто унаа менен товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду 2022-жылдын 15-февралына чейин узарткан болчу.

Аталган пилоттук долбоор тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында ишке ашырылууда жана **2023-жылдын 31-январына чейин** иштейт.

Контролдук пломбаларды коюу МСК тарабынан жүргүзүлөт, ал эми навигациялык пломбаларды коюу КРнын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

> Пилоттук долбоордун жүрүшүндө жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тобокелдикке багытталган ишкердик субъектеринин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында (бөлүктөрүндө) контролдук жана/же навигациялык пломбалар акысыз негизде орнотулат.

Буга чейин пилоттук долбоорго КРнын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – **FORESTER, «Сибирь Трейд», «Глобал Риверс», «Крона Трейд», «Тобако Маркет», «Росс Табак» ЖЧКлары** катышкан болчу.