> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылга салыштырмалуу дизель майы 21 сомго кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/tk-n-zhylga-salyshtyrmaluu-dizel-majy-21-somgo-kymbattady/
- Published: 2022-08-11T10:11:55.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Август айында дизель майынын орточо баасы 70.9 сомду түзүп, былтыркы орточо баадан 21 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.**

Июль айында дизелдин орточо баасы **67.7 сомду** түздү.

Эң кымбат күйүүчү май Баткен облусунун Раззаков шаарында (Исфана) байкалган жана ал **75.9 сом** болду. Эң арзан баа Ноокат шаарында белгиленип, ал 67.7 сомду түзгөн.

> Бишкек жана Ош шаарларында баалар 70 сом жана 73.5 сомдун тегерегинде сакталууда.