> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токиодо 400 тонна кыргыз балын Японияга экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/tokiodo-400-tonna-kyrgyz-balyn-yaponiyaga-eksporttoo-bojuncha-kelishimge-kol-kojuldu/
- Published: 2022-08-11T12:55:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 10-августта Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында 400 тонна кыргыз балын экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Документке Токиодо Japan style жана Yamada Bee Company Group ортосунда Sojitz соода компаниясынын катышуусунда кол коюлган.

> Келишимге ылайык, бал Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакында 20 тонналык биринчи контейнер экспорттолот.

Министрлик ата мекендик продукцияны жана товарларды чет өлкөлөргө экспорттоону илгерилетүүнүн алкагында 2021-жылы Японияга 43.4 тонна бал экспорттолгонун (2020-жылы – 15.7 тонна) билдирди.