> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуттук энергохолдинг» энергетикалык компанияларды бириктирүүдөн 1 млрд сом акча үнөмдөлөт деп пландоодо
- URL: https://im.kg/all/2022/08/11/uluttuk-energoholding-energetikalyk-kompaniyalardy-biriktir-d-n-1-mlrd-som-akcha-n-md-l-t-dep-plandoodo/
- Published: 2022-08-11T13:23:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:54:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетикалык компанияларды бириктирип чоңойтуу аркылуу 1 млрд сом акча каражаты үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө которулат. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдинг” билдирди.**

Кыргызстандын “Улуттук энергохолдинг” ишканасы энергетика секторунун башкаруу түзүмүнө реформа жүргүзүп жатканын, бүгүнкү күндө акционерлердин кезексиз жалпы чогулуштары аркылуу компанияларды өзгөртүп түзүү жана аларды бириктирүү боюнча керектүү чечимдер кабыл алынганын билдирди. 

> Ошондой эле сентябрь айында реформалардын биринчи орундагы маанилүү баскычтарынын бири – КРнын энергетика тармагынын башкаруу түзүмүн өзгөртүп түзүү иши аягына чыгарылат. Концепцияга ылайык, ишканаларды бириктирип чоңойтуу аркылуу **1 млрд сомдук акча** каражаты үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө которулат. Буга карата өткөн жылдын ноябрь айында Коопсуздук кеңеши тарабынан энергетика секторун башкаруу түзүмүнө реформа жүргүзүү чечими кабыл алынган”, – деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Эске сала кетсек, реформаларды баскычтуу түрдө ишке ашыруу максатында буга чейин жол картасы иштелип чыккан. Биринчи баскычта “Улуттук энергохолдинг” ишканасы жана Энергетика министрлиги тарабынан жол картасынын алгачкы пунктулары макулдашылып, ишке ашырылган. 

Реформанын алкагында бири бирин туураган окшош энерго компаниялар бириктирилип, чоңойтулат. Мында “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектр” ААК ишканалары “Кыргызстан Улуттук электр тармактары” ААКы менен, андан сырткары “Бишкекжылуулуктармактары” акционердик коому “Электр станциялары” ААКы менен бириктирилет.