> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүк, өзгөчө кумшекер менен ун - 41% жана 26%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/16/kyrgyzstandyn-bardyk-ajmaktarynda-azyk-t-l-k-zg-ch-kumsheker-menen-un-41-zhana-26-ga-kymbattady/
- Published: 2022-08-16T13:31:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:41:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь-июль айларында Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Эң көп кымбаттаган кумшекер менен ун болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин материалында айтылат.**

Быйылкы жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан 9.6%га өскөн.

Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 12.9%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарынын баасы – 12.6%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы – 5.6%га, кызмат көрсөтүүлөрдин тарифтери 4.9%га көтөрүлгөн.

> Жыл башынан бери эң көп **кумшекер – 41%га** жана **ун – 25.5%га** кымбаттап, ал эми мөмө-жемиштер – 20.7%га, сүт азыктары – 16.7%га, нан – 14.5%га, гречка – 14.3%га, балык – 13.4%га, алкоголсуз суусундуктар – 13.2%га, кой эти – 12.9%га, уй эти – 7%га, жашылчалар – 3.7%га кымбаттаган.

> Бул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) баалардын жана тарифтердин өсүшү **өлкөнүн бардык аймактарында** байкалган.