> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк электр», «Ошэлектро» жана башка бөлүштүрүүчү компаниялар жок болду – алардын баары КУЭТке кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/16/t-nd-k-elektr-oshelektro-zhana-bashka-b-l-sht-r-ch-kompaniyalar-zhok-boldu-alardyn-baary-kuetke-kirdi/
- Published: 2022-08-16T14:24:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:54:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

“**Улуттук энергохолдинг” энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүүнү аяктады. Энергетика компанияларын бириктирүү иштери бүттү. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматы билдирди.**

Ошентип, энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, республика боюнча бардык абоненттерди тейлөө боюнча **бир мекеме түзүлдү**. “КУЭТ” мекемесинин облустардагы филиалдары эми төмөндөгүдөй аталат:

- Чүй электр тармактар ишканасы
- Ош электр тармактар ишканасы
- Талас электр тармактар ишканасы
- Жалалабат электр тармактар ишканасы
- Ыссык-Көл электр тармактар ишканасы
- Нарын электр тармактар ишканасы
- Баткен электр тармактар ишканасы

Ошондой эле, буга чейин **«Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектро», «Жалалабатэлектро»** бөлүштүрүүчү компаниялары менен катар бардык облустарда жогорку вольттогу электр тармактарын тейлөө боюнча КУЭТтин филиалдары иштеп келгени айтылган. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.

> Реструктуризацияланган дагы бир акционердик коом – бул **“Бишкекжылуулуктармактары”**, ал “Электр станциялары” ААКы менен бириктирилген.

“Улуттук энергохолдинг” билдиргендей, реструктуризациялоонун натыйжасында энергетикалык компанияларда өндүрүштүк жана башкаруу процесстери автоматташтырылып, чыгашалар азайып, бирин бири кайталаган кызмат орундары кыскарат.

> Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында **1 млрд сомдук** акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299458744_2235528919949101_5825710601007554377_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299458744%5F2235528919949101%5F5825710601007554377%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299657768_2235528916615768_1244966918640485493_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299657768%5F2235528916615768%5F1244966918640485493%5Fn.jpg)