> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда 3 айга гана миграциялык каттоо жүргүзүлөрү жөнүндө маалымат жалган - ТИМ
- URL: https://im.kg/all/2022/08/17/rossiyada-3-ajga-gana-migraciyalyk-kattoo-zh-rg-z-l-r-zh-n-nd-maalymat-zhalgan-tim/
- Published: 2022-08-17T17:03:44.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Социалдык тармактарда Россиядагы Кыргызстан жарандары 3-сентябрга чейин өлкөдөн чыгып, кайра кириши керек экендиги, андан соң үч айга гана миграциялык каттоого тургузуларын белгилеген мыйзам кабыл алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кечээ, 16-августта, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Ведомствонун билдирүүсү боюнча, фейктер Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы катары тараган.

> ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле, Россияга кирген күндөн тартып **30 күндүн ичинде**, жашаган жери боюнча жана эмгек келишиминин негизинде **1 жылдык мөөнөткө** жүргүзүлөт.

Ошондуктан, эгерде Кыргызстандын жарандары Россияда мыйзамдуу негизде жүргөн болсо, анда аларга 3-сентябрга чейин жана андан кийин чыгып-кирүүнүн **зарылчылыгы жок**.

> Министрлик мекендештерди Россиянын миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырат.