> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиядагы кыргызстандык мигранттар мамлекеттик ипотека ала алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/08/17/rossiyadagy-kyrgyzstandyk-migranttar-mamlekettik-ipoteka-ala-alyshat/
- Published: 2022-08-17T18:00:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компания менен Россиянын Свердлов облусундагы Кыргызстан жарандарынын диаспорасы (ОО «Кыргызская Диаспора Ала-Тоо (Белые Горы) – Урал») кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди.**

> Бул меморандумдун негизинде тараптар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде **сыртта эмгектенип жүргөн мекендештердин** турак-жай маселесин чечүү боюнча биргелешип тыгыз иш алып барууну макулдашышты. Диаспоранын МИК кура турган көп кабаттуу үйлөргө инвестиция салуу жолдору каралып жатат.

Эске сала кетсек, “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине ылайык, [“Жеңилдетилген ипотека”](https://gik.kg/kg/members%5Fdetail/napravlenie-lgotnaya-ipoteka-dlya-sotrudnikov-byudzhetnyih-organizatsij) багыты боюнча ипотекалык насыя **мамлекеттик органдарда** жана **бюджеттик уюмдарда иштеген жарандарга**, ал эми [«Арзан ипотека»](https://gik.kg/kg/members%5Fdetail/napravlenie-dostupnaya-ipoteka-dlya-vseh-kategorij-grazhdan) багыты боюнча Кыргызстандын **бардык жарандарына** жеткиликтүү.