> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы - Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/18/balykchy-barskoon-zholunun-10-chakyrymdan-ashyk-b-l-g-n-asfalt-t-sh-ld/
- Published: 2022-08-18T14:54:54.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күнгө карата «Кыргызалтын» ААКтын каржылоосу менен оңдолуп жаткан Балыкчы – Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын жол куруучу ишканалар ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Жалпы узундугу 141.64 км түзгөн Балыкчы – Барскоон жолун реконструкциялоону башкы подрядчы катары Жол куруучу ишканалар ассоциациясы ишке ашырууда.

Уюм жолду оңдоо долбоору эки фазага бөлүнөрүн белгиледи:

- I фазага Балыкчы шаарынан Ак-Сай айылына чейинки узундугу 71 км (0дөн 71-километрге чейин) тилке кирет – аны башкы подрядчы «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы ишке ашырып жатат.
- II фазага Ак-Сай айылынан Барскоон айылына чейинки узундугу 70.64 км (71ден 141.64-километрге чейин) тилке кирет – аны «Арек Строй» жол куруу ишканасы ишке ашырууда.

Бүгүнкү күнгө карата **жолдун 10 чакырымдан ашыгы асфальтталып**, 25 чакырымында жер иштери 100%га бүтүп, жасалма курулмалар орнотулуп жатканын Кыргызстандын жол куруучу ишканалар ассоциациясы билдирди.

Жолдун 29-чакырымында **эки жаңы асфальт-бетон заводу** жана майдалоочу жана электөөчү комплекстер орнотулду.

> Долбоордо жалпысынан **1000ден ашуун адам** иштеп жатат, алардын көбү Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү тургундары.

2021-жылдын 1-августунда башталган долбоордун биринчи этабына 11 ата мекендик компания субподрядчы катары тартылган эле. Алар: «Мостдорстрой» ЖЧК, «Чу прокси» ЖЧК, «Жолчу» ЖАК (Талас), «РюЗ Компани» ЖЧК, «Досинжиниринг» ЖЧК, «Сармат» ЖЧК, «ТрансстройдорСервис» ЖЧК, «Иссык-Куль Дорстрой» ЖЧК, «Билдинг менеджер групп» ЖЧК, «Дили» ЖЧК жана «Жолчу» ЖАК (Чүй).

> Бүгүнкү күндө узундугу 46 км долбоордун экинчи этабы башталып, аны ишке ашырууга 12 ата мекендик компания катышууда.

---

Балыкчы – Барскоон жолу 50 жылдан ашык убакыттан бери оңдолбой келген бөлүгү 2021-жылдын август айынын башында реконструкциялана баштаганын буга чейин [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) маалымдаган.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы 2021-жылдын 15-июнунда Кумтөр кени сырттан башкаруу киргизилгенден кийин биринчи жолу барган сапарында ишкананын жумушчулары менен баарлашып жатып, жол Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен оңдолот деп [айткан](http://localhost/info-portal/novosti/2021/06/15/na-dengi-kumtora-vozmozhno-postroyat-novuju-shirokopolosnuju-dorogu-balykchy-barskoon/).

Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин бул жол тосмо менен бөлүнгөн **төрт тилкелүү жолго** айланат.