> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нефтетрейдерлер дизель майы кымбаттайт деп эскертишти – Россиядан экспорт азайып баратат
- URL: https://im.kg/all/2022/08/18/neftetrejderler-dizel-majy-kymbattajt-dep-eskertishti-rossiyadan-eksport-azajyp-baratat/
- Published: 2022-08-18T09:00:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:11:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россия экспортту азайтышынан улам жакында Кыргызстандын нефтетрейдерлери дизель майынын баасын көтөрүүгө аргасыз болушат. Бул тууралуу алар 16-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңешбай Тайлаков менен жолугушууда айтышты, деп билдирет комитеттин басма сөз кызматы.**

Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизель майынын сатыктагы баасы **тоннасына 600 долларга**, АИ-92 бензини болсо – **тоннасына 370 долларга** чейин жогорулаган. Ал эми акыркы айда нефтти кайра иштетүүчү россиялык заводдор дизелдик отундун дүң баасын **тоннасына 300 долларга** көтөрдү.

> Буга байланыштуу нефтетрейдерлер дизел майынын **ички баасын көтөрүүгө аргасыз болушарын** айтышууда.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күйүүчү майды саткандар менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын теңдөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштарды берди:

- Бааларды кармоо боюнча чараларды көрүү, баа саясатын тууралоо.
- Рынокту толтуруу үчүн жана мунай продуктылары тартыш болушуна жол бербөө үчүн зарыл болгон запастарды алдын ала камсыз кылуу.
- «Атаандаштык жөнүндө» КР мыйзамынын талаптарын так сактоо.
- Контролду күчөтүү жана май куюучу жайларда толук куйбай, керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө.
- Рынокто жагдай өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү үчүн Монополияга каршы кызмат менен байланышта болуу.