> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз фондулук биржасынын жалпы баасы 66 млрд сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/08/22/kyrgyz-fonduluk-birzhasynyn-zhalpy-baasy-66-mlrd-somdon-ashty/
- Published: 2022-08-22T15:00:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) индекси жана капитализациясынын көрсөткүчтөрү кыйла жогорулап, август айынын орто ченинде** **жаңы рекордго жетти. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында берилген.**

> Берилген маалыматка ылайык, КФБ индекси **1896.83** пунктка, ал эми капитализациясы **66.1 млрд сомго** жетти.

Белгиленгендей, өткөн аптада көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшү катталган. 16-августта индекс 1712.4 пунктту түзсө, эртеси эле **184.43 пунктка көтөрүлгөн**.

> Өткөн жумадагы акыркы бүтүмдөрдүн жыйынтыгы боюнча, биржанын отчёттору көрсөткөндөй, эң көп соода көлөмү «Айыл Банк» ААКсында (**700 млн сом**) жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ААКсында (**300 млн сом**) белгиленген.

Эске салсак, индекс жана капиталдаштыруу листингдик компаниялардын акцияларынын баасынан түздөн-түз көз каранды, анткени алар бул көрсөткүчтү эсептөө үчүн негиз болуп саналат. Баалуу кагаздардын баасы көтөрүлсө, индекс ошого жараша көтөрүлөт. Ошентип, «Айыл Банктын» жөнөкөй акциясы **10 миң сомго**, Туризмди өнүктүрүү фондунун жөнөкөй акциясы **1 миң сомго** бааланган.