> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредит алуучулардын саны 9.5%га азайып, 298 миң адамды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/22/mikrokredit-aluuchulardyn-sany-9-5-ga-azajyp-298-mi-adamdy-t-zd/
- Published: 2022-08-22T13:37:57.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар 17.4 млрд сомго насыя беришкен. Алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн. Мындай маалыматты Улутстатком билдирген.**

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредит алган калктын саны **9.5%га**, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү **1.7%га азайган**.

> Кошумчалай кетсек, микрокредиттердин эң көп көлөмү Бишкекте (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн **18.5%ы**), Ош облусунда (**18%**), Чүй облусунда (**16%**) жана Жалал-Абад облусунда (**14%дан ашык**) берилгендиги белгиленген.

Берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн **42%ы** керектөө муктаждыктарына (өткөн жылга салыштырмалуу 9.8%га көбүрөөк), **28%ы** айыл чарбасын өнүктүрүүгө (4.9%га азайган), **12%ы** – соода жана коомдук тамактануу тармагына, **6%дан** ашыгы — курулушка алынган.

[![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Bez-nazvaniya.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Bez-nazvaniya.png)

[![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Bez-nazvaniya-1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Bez-nazvaniya-1.png)