> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө 10 күн калды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/22/transport-turak-zhaj-zhana-zher-salyktaryn-t-l-g-10-k-n-kaldy/
- Published: 2022-08-22T17:00:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Унаа, турак-жай, батир жана жер участогуна салыктарды төлөп жетишүүгө 10 күн калды.**

Андыктан Салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай мүлктөрүнүн жана жер үлүштөрүнүн ээлерин убакыттан пайдаланып, төлөө мөөнөтү 1 жана 2-сентябрда бүтө турган транспортко, турак-жайга жана жерге төлөнүүчү салыкты төлөөгө шашылууга чакырат.

Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

**1-сентябрга чейин төмөнкү салыктар төлөнүшү керек:**

- транспорт каражаттарына салык
- ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак үй, батирлерге салык
- короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участокторуна жер салыгы

[Calculator.salyk.kg](https://calculator.salyk.kg/) сайтында салыктын суммасын өз алдынча эсептесе болот.

> Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга **1000 сом**, юридикалык жактарга – **5000 сом** өлчөмүндө **административдик айып** салынат.