> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1.1 млрд доллардык 19 тонна алтынды Улуттук банк «Европа өлкөлөрүнүн бирине» саткан
- URL: https://im.kg/all/2022/08/23/1-1-mlrd-dollardyk-19-tonna-altyndy-uluttuk-bank-evropa-lk-l-r-n-n-birine-satkan/
- Published: 2022-08-23T15:36:08.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:02:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк Кыргызстандан былтыр 1.1 млрд долларлык 19.2 тонна алтындын “аныкталбаган өлкөгө” экспорттолушу тууралуу маалыматка өз комментарийин берди.**

2021-жылы Кыргызстандан чет өлкөлөргө рекорддук көлөмдө **24.8 тонна** алтын экспорттолгондугу, анын ичинен **1.1 млрд доллардык 19.2 тонна алтын** “аныкталбаган өлкөгө” жеткирилгендиги тууралуу [“Азаттык”](https://rus.azattyk.org/a/31993999.html) жазып чыккан. Бийлик өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтын кимге сатылганы тууралуу маалыматты [жашырган](http://localhost/info-portal/novosti/2022/08/19/iz-kyrgyzstana-vyvezli-bolshe-19-tonn-zolota-na-1-1-mlrd-i-zasekretili-informaciju-azattyk/). 

Улуттук банк эл аралык практикада **алтын-валюта камдары менен операциялар боюнча маалыматтар купуя маалымат катары эсептелерин,** бул коопсуздук принцибин сактоо зарылчылыгы менен шартталгандыгын белгилеп жооп берди.

> «Улутстатком көрсөткөн маалымат КР Улуттук банкынын 2021-жылдын башында акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкөлүк валютадагы ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында алтынды **Европа өлкөлөрүнүн бирине** жеткирүү боюнча жүргүзгөн операцияларын чагылдырат.
> 
> Алтынды тышкы рынокко сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине которулган. Кийинчерээк бул каражаттар 2021-жылы өлкөнүн ички валюта рыногунда **интервенцияларды жүргүзүүгө** (735 млн долларга жакын), **өлкөнүн тышкы карызын** жана **чет өлкөлүк валютадагы башка милдеттенмелерди жабууга** (200 млн долларга жакын) жумшалган. Ошондой эле 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык резервдердин деңгээли 169.5 млн долларга же 6%га көбөйүп, 2 млрд 977.6 млн долларды түздү», – деп билдирди регулятор.