> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/23/kazakstandyn-chek-araga-zhakyn-ajmaktarynda-dizel-majy-kymbatyraak-satyla-bashtady/
- Published: 2022-08-23T13:46:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:29:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын башка мамлекеттер менен чектеш аймактарында кечээтен бери, 22-августтан тартып, дизелдик отунга дифференцияланган баалар киргизилди. Эми башка мамлекеттердин, анын ичинде биздин жарандар Казакстанда дизель майын кымбатыраак баада сатып алышат. Бул тууралуу казакстандык [Vlast.kz](https://vlast.kz/novosti/51276-differencirovannye-ceny-na-diztoplivo-vstupili-v-silu-v-kazahstane.html) басылмасы билдирди.**

22-августта мунай продуктуларынын чекене сатыктагы бааларын белгилөө боюнча Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирди, деп билдирет басылма. 

> Ал буйрукка ылайык, төмөнкү маркалардагы бензиндин баасы мурдагы деңгээлде калды: **АИ-80** – литрине 89 теңге (рыноктук курс боюнча **9.8 сом**), Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында, **АИ-92** жана **АИ-93** маркалары – литрине 187 теңге **(20.6 сом)**, Казакстандын башка аймактарында – 182 теңге **(20 сом)**, дизель майынын баасы – литрине 450 теңге (рыноктук курс боюнча **49.5 сом**, ал эми УБ курсу боюнча – **76.5 сом**).

Ошондой эле буйрук дизелдик отунга чектөө койгондугу тууралуу айтылды. Тактап айтканда, Казакстандын жарандары айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп, күнүнө 100 литрди регионго жараша литрин 230-260 теңгеден (25-29 сом) сатып алса болот. Жүк ташуучу унаалар, атайын, адистештирилген унаалар жана автобустар үчүн, ошондой эле Казакстанда автотранспорттун каттоо күбөлүгү барлар, суткасына ушул эле баада 300 литрге чейин куя алышат. **Калган категориядагыларга**, ошондой эле дизель майын **белгиленген лимиттен жогору** сатып алгандарга **1 литри 450 теңгеден (49.5 сом)** сатылат.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандын энергетика министри дизелдик майга дифференцияланган баалар жана чектөөлөр киргизилерин [айткан эле.](http://localhost/info-portal/novosti/2022/08/04/kazahstan-povysit-ceny-na-diztoplivo-dlya-inostrancev-stoimost-podnimetsya-do-80-somov/)