> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын банктары жана Улуттук банк валюталык операциялардан көп киреше алышты - Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2022/08/24/kyrgyzstandyn-banktary-zhana-uluttuk-bank-valjutalyk-operaciyalardan-k-p-kireshe-alyshty-ulutstatkom/
- Published: 2022-08-24T13:24:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:41:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын финансы секторундагы уюмдардын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-июнь айларында 46.1 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге өскөн. Бул сектордун кирешелеринин өсүшү негизинен банк сектору менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта, Улутстатком билдирди.**

Финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 27.7 млрд сомду түзүп, 37%га өскөн.

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын финансы тармагында 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана 14 камсыздандыруу компаниясы иштеген.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66%ы киреше алып, 13.5%ы чыгашага учураган. Балансталган финансылык натыйжа 18.4 млрд сом өлчөмүндө пайда түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.8 эсеге (8.2 млрд сомго) көп.

> **Кирешенин өсүшү коммерциялык банктардын** (6.5 млрд сомго) жана Улуттук банктын (1.7 млрд сомго) эсебинен камсыз кылынган. Бул алардын валюталык **операциялардан түшкөн кирешесинин көбөйүшү менен шартталган**.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Snimok-ekrana-2022-08-24-v-11.32.11.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/Snimok-ekrana-2022-08-24-v-11.32.11.png)