> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «ЭлДан Аталык» 2 млн долларга жаңы канаттуулар фабрикасын ачты – долбоордун жарымын ОКӨФ каржылаган
- URL: https://im.kg/all/2022/08/25/eldan-atalyk-2-mln-dollarga-zha-y-kanattuular-fabrikasyn-achty-dolboordun-zharymyn-ok-f-karzhylagan/
- Published: 2022-08-25T14:29:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:12:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда тооктун жумурткасын өндүрүүчү жаңы ферма ишке кирди. Долбоорду Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен «ЭлДан Аталык» ЖЧКсы ишке ашырууда. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Долбоорду ишке ашырууга ОКӨФ тарабынан **1 млн доллардан** ашык каражат бөлүнүп, «ЭлДан Аталык» ЖЧКсына жумуртка туучу **80 миң тоок** үчүн жаңы цех курууга жана керектүү өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берген. Компаниянын салымы менен бирге долбоорду каржылоо 2 млн доллардан ашкан.

Учурда Кыргызстанда сатыкта жумуртканын жетишсиздиги ар кандай эсептөөлөр боюнча жылына 218ден 568 млн даанага чейин жетет. Өлкөдөгү фермалар тооктун жумурткасына болгон керектөөнүн 65%ын гана камсыздайт. Бул эсептөө керектөөнүн эң төмөнкү деңгээлинде – бир киши жылына 85 жумуртка жейт деген эсеп менен болжолдонгон. Жетишпеген көлөм импорттолуп келет.

> Долбоордун алкагында **40 жаңы жумушчу орун** түзүлдү. «Азыр үч цехибиз бар, **күнүнө 75 миң даанага чейин жумуртка** өндүрөбүз. Декабрга чейин толук көлөмгө – күнүнө 150 миң даанага жетебиз. Ал эми жылына 45 млн даана жумуртка өндүрөбүз”, – дейт “Ак Канат” фабрикасынын өндүрүштүк директору Владимир Лавринюк.

> «Долбоордун ишке кириши Кыргызстандын тоок жумурткасын импорттоого болгон көз карандылыгын **10%га азайтат**. Биз үчүн бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо багытындагы дагы бир ишенимдүү кадам», – деди РКДФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Долбоор Кыргызстанда куш багуучу кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган ОКӨФ программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299916661_1260399634718829_8681377366751471411_n-3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/299916661%5F1260399634718829%5F8681377366751471411%5Fn-3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/6.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/6.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/5.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/5.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/9.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/9.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/8.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/8.jpg)