> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөрдө» тышкы башкаруу режими токтотулду
- URL: https://im.kg/all/2022/08/25/kumt-rd-tyshky-bashkaruu-rezhimi-toktotuldu/
- Published: 2022-08-25T11:56:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:23:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун 23-августта чыккан тескемеси менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.**

Ошентип, жалгыз аткаруу органы же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси шайланган күндөн тартып, министрлер кабинетинин буйругу менен мурда киргизилген **тышкы башкаруу тартиби токтотулду.**

> Ошондой эле, бул тескемеге жараша, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдинг компаниясы жана **Теңиз Бөлтүрүк** эки жуманын ичинде минкабга “КГК” компаниясын убактылуу сырткы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө **корутунду отчет берүүгө милдеттүү**.

Буйруктун үчүнчү бөлүгүндө Экономика министрлиги, Финансы министрлиги, “Кыргызалтын” ААКсы жана “УМК” ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн деп жазылган.

Эске салсак, тышкы башкаруу 2021-жылдын 17-майында [киргизилген](http://localhost/info-portal/novosti/2021/05/17/zhogorku-kenesh-odobril-vvedenie-vneshnego-upravleniya-v-kumtor-gold-kompani/).

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/2.jpeg)