> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында «Бал» 11-агроөнөр жай кластери түзүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/agro-n-r-zhaj-kompleksin-nasyyaloo-dolboorunun-alkagynda-bal-11-agro-n-r-zhaj-klasteri-t-z-ld/
- Published: 2022-08-26T10:26:50.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:01:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аарычылыкты өнүктүрүү максатында, бал жана анын азыктарын өндүрүү жана сатуу үчүн «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында «Бал» 11-агроөнөр жай кластери түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> «Бал» агроөнөр жай кластерин түзүүнүн максаты – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү аркылуу жеңилдетилген кредиттөө жана лизинг аркылуу агрардык сектордун чарба жүргүзүүчү субъекттерин колдоо болуп эсепетелет”, – деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин айыл чарбасына берилчү жеңилдетилген кредитти алууга бал өндүрүү тармагы кирбей калган. Бул тууралу 18-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=1IsQ-fd3Hbs&t=13s) айтылган эле.

Республика боюнча бир аары үй-бүлөсүнөн алынган товардык балдын орточо түшүмү орто эсеп менен 30-50 кг чейин жетип, жалпы чогултулган балдын дээрлик 75%ын жогорку сапаттагы тоо балы, калганы – 25%ын ар кандай бал өсүмдүк балы түзөт.

> Республика боюнча **бир кишиге балдын жылдык керектөөсү 0.4 кг**.