> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономиканын финансы секторунун кирешеси жарым жылда 46.1 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/ekonomikanyn-finansy-sektorunun-kireshesi-zharym-zhylda-46-1-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-08-26T11:34:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге көбөйүү менен 46.1 млрд сомду түзгөн. Мындай маалыматты Улутстатком берди.**

Бул банк секторунун кирешелеринин өсүшүнүн эсебинен камсыз болгон. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 27.7 млрд сомду түзуп, 37%га өскөн.

2022-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66% пайда алышты, ал эми 13.5% – чыгаша алды. 

> Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык **18.4 млрд сом** пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда **1.8 эсеге** (8.2 млрд сомго) көп. 

Пайданын өсүшү коммерциялык банктар (6.5 млрд сомго) жана Улуттук банк менен (1.7 млрд сомго) камсыздалган, бул чет өлкөлүк валюта операциялары боюнча кирешелеринин көбөйүшү себеп болду.

2022-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 217 миллиарддан ашык сомду түзгөн. 

> Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна – 14% туура келген. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25.6%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (17%), ипотека (10%) жана курулуш (7%) болуп саналды.

2022-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.