> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми юридикалык жактарды каттоону жана алардын ишин токтотууну 3-6 саатта бүтүрсө болот - токтом чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/emi-juridikalyk-zhaktardy-kattoonu-zhana-alardyn-ishin-toktotuunu-3-6-saatta-b-t-rs-bolot-toktom-chykty/
- Published: 2022-08-26T12:41:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:16:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин кыска мөөнөттө, тагыраак айтканда, 3-6 саат ичинде токтотулганын каттоого мүмкүндүк берген токтом чыкты.**

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «КРнын министрлер кабинети жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, министрлер кабинети [токтом](https://www.gov.kg/ky/npa/s/4060) чыгарды.

1\. Жыйымдын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленди:

1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) **мамлекеттик каттоо** үчүн:

- КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 507 сом
- 1 жумуш күндүн ичинде – 1200 сом
- 6 сааттын ичинде – 2500 сом
- 3 сааттын ичинде – 3200 сом.

2) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) **мамлекеттик кайра каттоо** үчүн:

- КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 457 сом
- 3 жумуш күндүн ичинде – 1700 сом
- 1 жумуш күндүн ичинде – 3000 сом
- 6 сааттын ичинде – 3700 сом.

3) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) **ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо** үчүн:

- КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 526 сом
- 3 жумуш күндүн ичинде – 940 сом
- 1 жумуш күндүн ичинде – 1880 сом
- 6 сааттын ичинде – 2820 сом.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.