> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/salyk-kyzmaty-sentyabrda-transport-turak-zhaj-zhana-zher-uchastoguna-salyk-t-l-b-g-nd-rd-anyktoo-bojuncha-rejd-zh-rg-z-t/
- Published: 2022-08-26T14:30:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:20:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары **административдик айып төлөөгө**, ошондой эле кечиктирилген **ар** **бир күн үчүн туум** төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

- транспорт каражатына салык
- турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык,
- үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.

> Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн **жеке жактарга – 1000 сом,** **юридикалык жактарга – 5 миң сом** суммасында айып каралган.

- [Calculator.salyk.kg](http://calculator.salyk.kg/) сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептесе да болот. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/). сайтынан алууга болот.