> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду - курулбаган көпүрөгө 5.7 млн сом которушкан
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/transport-ministrliginin-kyzmatkerlerine-kylmysh-ishi-kozgoldu-kurulbagan-k-p-r-g-5-7-mln-som-berishken/
- Published: 2022-08-26T11:53:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:31:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кочкор – Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн курулушу боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Кочкор – Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. 

> “Текшерүүдө, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз **жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп берилип**, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке **5 млн 728 миң 133 сомдук зыян** келтирилгендиги аныкталды”, – деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. 

Бул факты боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.