> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарым жылда КР менен Россиянын өз ара соода жүгүртүүсү 1.5 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/26/zharym-zhylda-kr-menen-rossiyanyn-z-ara-sooda-zh-g-rt-s-1-5-mlrd-dollardy-t-zd/
- Published: 2022-08-26T09:12:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда Жапаров эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсү байкалып жатканын белгиледи.

> “Биринчи жарым жылдыкта РФ менен өз ара соода жүгүртүү 39%га өсүп, **1 млрд 426.5 млн долларды** түздү, ал эми биздин республикадан Россияга экспорт дээрлик эки эсе өстү”, – деди ал.

Минкабдын маалымат кызматы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана балык) экспорттогон. Ошол эле кезде Россия Кыргызстанга импорттогон айыл чарба продукциясынын көлөмү болжол менен **250 млн долларды** түзгөн, бул негизинен дан азыктары жана өсүмдүк майы болуп эсептелет.